БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Россия менен Кытайдын Кыргызстандагы элчилери "Кабар" маалымат агенттигине биргелешкен макала жарыялады. Сергей Вакунов менен Лю Цзянпиндин "Улантуучулук жана жаңычылдыкка толгон отуз жылдык: Россия — Кытай алакасынын келечеги" аталышындагы макаласы Россия менен Кытайдын байланышынын 30 жылдыгына арналган.
Андагы негизги учурлар:
Россия менен Кытайдын мамилеси дүйнөдөгү өзгөрүүлөргө карабастан туруктуу жана ырааттуу өнүгүп жатат. Тараптар суверенитет, аймактык бүтүндүк, коопсуздук жана өнүгүү сыяктуу маселелерде бири-бирин колдоп келет;
былтыр эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү 200 млрд доллардан ашты. Кытай Россиянын негизги соода өнөктөшү болуп саналат. Энергетика тармагында биргелешкен долбоорлор ишке ашып, эсептешүүлөрдүн 95 пайыздан ашыгы улуттук валюталарда жүргүзүлөт;
Россия жана Кытай "Бир алкак, бир жол" менен ЕАЭБди айкалыштырууга умтулууда. Бул процессте 3,4 млрд калкы бар 10 өлкөнү бириктирген ШКУ маанилүү ролду ойнойт. Учурда уюмга Кыргызстан төрагалык кылууда;
Кыргызстан — Россия жана Кытайдын стратегиялык өнөктөшү. Былтыр Россия менен Кыргызстандын соода жүгүртүүсү 3,84 млрд долларга жетип, инвестициялар 1,5 млрд доллардан ашты. "Газпром" газдаштыруу долбоорун ишке ашырып, 2030-жылга чейин 60 пайызга жеткирүүнү пландоодо. "Росатом" Ысык-Көлдө шамал электр станциясын куруп жатат;
Кытай менен кызматташтык да активдүү өнүгүүдө. 2025-жылы соода көлөмү 27,2 млрд долларга жетти. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу курулуш стадиясына өттү;
Барскоон — Бедел жолу жана өткөрмө пункту курулуп жатат. Бишкекте таштанды өрттөөчү станция жана Чүйдө 100 МВт күн электр станциясы ишке берилди.