Россия — Кытай алакасына 30 жыл. Жыйынтыктар жана Кыргызстан үчүн мааниси
20:15 27.04.2026 (Жаңыртылды: 16:11 29.04.2026)

© Sputnik / Алексей Дружинин
/ Жазылуу
Россия менен Кытайдын стратегиялык байланышынын 30 жылдыгына карата эки өлкөнүн кызматташуусунун жыйынтыктары чыгарылды. Негизги көңүл экономика, коопсуздук жана биргелешкен долбоорлорго бурулду. Бул өнөктөштүктүн Кыргызстан жана Борбор Азияга таасири кеп болду.
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Россия менен Кытайдын Кыргызстандагы элчилери "Кабар" маалымат агенттигине биргелешкен макала жарыялады. Сергей Вакунов менен Лю Цзянпиндин "Улантуучулук жана жаңычылдыкка толгон отуз жылдык: Россия — Кытай алакасынын келечеги" аталышындагы макаласы Россия менен Кытайдын байланышынын 30 жылдыгына арналган.
Андагы негизги учурлар:
Россия менен Кытайдын мамилеси дүйнөдөгү өзгөрүүлөргө карабастан туруктуу жана ырааттуу өнүгүп жатат. Тараптар суверенитет, аймактык бүтүндүк, коопсуздук жана өнүгүү сыяктуу маселелерде бири-бирин колдоп келет;
былтыр эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү 200 млрд доллардан ашты. Кытай Россиянын негизги соода өнөктөшү болуп саналат. Энергетика тармагында биргелешкен долбоорлор ишке ашып, эсептешүүлөрдүн 95 пайыздан ашыгы улуттук валюталарда жүргүзүлөт;
Россия жана Кытай "Бир алкак, бир жол" менен ЕАЭБди айкалыштырууга умтулууда. Бул процессте 3,4 млрд калкы бар 10 өлкөнү бириктирген ШКУ маанилүү ролду ойнойт. Учурда уюмга Кыргызстан төрагалык кылууда;
Кыргызстан — Россия жана Кытайдын стратегиялык өнөктөшү. Былтыр Россия менен Кыргызстандын соода жүгүртүүсү 3,84 млрд долларга жетип, инвестициялар 1,5 млрд доллардан ашты. "Газпром" газдаштыруу долбоорун ишке ашырып, 2030-жылга чейин 60 пайызга жеткирүүнү пландоодо. "Росатом" Ысык-Көлдө шамал электр станциясын куруп жатат;
Кытай менен кызматташтык да активдүү өнүгүүдө. 2025-жылы соода көлөмү 27,2 млрд долларга жетти. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу курулуш стадиясына өттү;
Барскоон — Бедел жолу жана өткөрмө пункту курулуп жатат. Бишкекте таштанды өрттөөчү станция жана Чүйдө 100 МВт күн электр станциясы ишке берилди.
