Иранда барымтада калган америкалыктарды бошотуу аракети АКШга көө жапканда. Видео

Sputnik
1980-жылдын 24-апрелинде башталбай жатып бүтүп калган операция АКШнын атайын кызматтарынын бетине чиркөө болуп тарыхта калды. Туура 46 жыл мурун болгон окуяны Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы эске салган.
1979-жылдын 4-ноябрында ирандык студенттер АКШнын Тегерандагы элчилигин басып алышкан. Америкалык өкүлчүлүктүн 50дөй кызматкери бир нече ай бою барымтада кармалып, АКШнын кадырын тебелеген жагдайга айланган. 1980-жылдын апрелинде өлкөнүн ошол кездеги президенти Жимми Картер маселени күч менен чечмей болот.
План боюнча АКШ Куралдуу күчтөрүнүн RH-53D тик учактары Delta бөлүгүнүн жоокерлери менен Тегерандан 500 чакырым аралыктагы каралбай калган авиабазага конушу керек эле. Артынан авиаотун жүктөлгөн EC-130E учактары келмек. Май куюлгандан кийин RH-53D тик учактары сапарын улантып, белгиленген жерге келгенден кийин аскерлер ЦРУ агенттеринин автоунаалары менен Тегеранга жөнөшмөк. Баары ойдогудай болгондо алар кайра барымтадан бошотулган америкалыктар менен ушул эле маршрут боюнча артка кайтмак. Бирок негедир план ишке ашпай калган.
Асманга көтөрүлгөн сегиз тик учактын бири бузулуп дароо артка кайтат, экинчиси түндө адашып, талаага конууга аргасыз болот, үчүнчүсү иштен чыгат. Коно турган аэродром да чоң жолдун боюнда жайгашып, дал ошол маалда окуучуларды салып бараткан автобус өтүп бараткан болот. Аны токтотуп, балдарды түшүрүшөт. Артынан келген бензовозго ок атылып, натыйжада ал жарылат. Анысы аз келгенсип дагы бир тик чак отун жүктөлгөн самолетко урунуп, сегиз америкалык жаран каза табат.
Тик учак менен самолеттун кагышуусу АКШ атайын кызматтарына болуп көрбөгөндөй көө жабат. Окуя болгон жерде күйүп кеткен авиатехника менен үйүлгөн жашыруун документтер калганы айтылып келет. Жада калса ЦРУнун жергиликтүү агенттерине делген 20 миллион долларды да унутта калтырышат. Барымтада кармалып тургандар ошол бойдон Тегеранда калып, сүйлөшүүлөрдөн кийин 1981-жылы гана бошотулушат. Операцияга 150 миллион доллар корогону маалым болгон эле.
Кансыз согуштун башатына жол салган Черчиллдин сөзү. 80 жыл мурдагы видео