БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстанда мамлекеттик органдар талап кыла турган документтердин тизмеси бекитилип, ага кирбегендер жарандардан жана бизнес өкүлдөрүнөн талап кылынбайт.
Президент Садыр Жапаров тиешелүү жарлыкка кол койду.
Жаңы тартип 2026-жылдын 1-апрелинен тартып 2027-жылдын 31-мартына чейин күчүндө болот. Жарлыкка ылайык, өлкөдө "жөнгө салуучу гильотина" механизми киргизилип, уруксат берүүчү документтердин саны кескин кыскартылат. Бул чара ашыкча бюрократияны жоюуга, бизнес жүргүзүүнү жеңилдетүүгө жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга багытталган.
Лицензиялар, сертификаттар, патенттер, каттоолор жана башка ушул сыяктуу документтер уруксат берүүчү документтер катары каралат. Бирок Улуттук банк тарабынан берилүүчү документтер бул тартипке кирбейт.
Жарлыкта мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бир катар милдеттер жүктөлгөн. Алар:
тизмеде каралбаган документтерди талап кылууну токтотууга;
уруксат берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө;
тиешелүү мыйзам актыларын жаңылоого тийиш.
Реформаны координациялоо Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан жүргүзүлөт. Бул чечим мамлекеттик органдардын функцияларынын кайталануусун азайтып, бизнес чөйрөсүндөгү административдик тоскоолдуктарды жоюу аркылуу инвестициялык активдүүлүктү жогорулатууга шарт түзөт.