Россия Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушуна көмөктөшүүгө даяр

Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Россия Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушун технологиялар, кадрларды даярдоо жана темир жол вагондорун камсыздоо аркылуу колдоого даяр. Бул тууралуу Россиянын транспорт министринин орун басары Дмитрий Зверев Бишкекте өткөн "Кыргызстан – континенттерди бириктирген аймактык хаб" аттуу эл аралык транспорт форумунда айтты.
Ал белгилегендей, Борбор Азияда жана Евразияда транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү бардык өлкөлөр үчүн пайдалуу болуп, товар жүгүртүүнүн өсүшүнө өбөлгө түзөт.
"Аймакта транспорт инфраструктурасынын өнүгүүсү — Борбор Азияда жана Европага чыгуучу Евразияда товарлардын эркин ташылышына шарт түзөт. Инфраструктуранын өнүгүшү ар дайым пайда алып келет. Россия бул долбоорду технология, улуттук кадрларды даярдоо жана темир жол техникаларын камсыздоо аркылуу колдоого даяр", — деди Зверев.
Ал Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү катары темир жол тармагында бирдиктүү техникалык стандарттарга ээ экенин эске салды. Зверев транспорттук долбоорлор өз-өзүнчө эмес, биргелешип өнүгүшү керек экенин белгилеп, дал ушундай комплекстүү мамиле жүк ташуунун көлөмүн көбөйтүүгө жана логистикалык жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга жардам берерин кошумчалады.
Министр өлкөнүн транспорт тармагы кандай өнүгүп жатканын айтып берди