https://sputnik.kg/20260423/rossiya-temir-zhol-kurulushuna-komoktoshot-1100951958.html
Россия Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушуна көмөктөшүүгө даяр
Россия Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушуна көмөктөшүүгө даяр
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Россия Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушун технологиялар, кадрларды даярдоо жана темир жол вагондорун камсыздоо... 23.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-23T14:29+0600
2026-04-23T14:29+0600
2026-04-23T14:29+0600
кыргызстан
россия
темир жол
транспорт
форум
еаэб
көмөктөшүү
https://sputnik.kg/img/07ea/04/17/1100951212_183:133:1278:749_1920x0_80_0_0_b02be14d2dba6a9ee93684818794ae97.jpg
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Россия Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушун технологиялар, кадрларды даярдоо жана темир жол вагондорун камсыздоо аркылуу колдоого даяр. Бул тууралуу Россиянын транспорт министринин орун басары Дмитрий Зверев Бишкекте өткөн "Кыргызстан – континенттерди бириктирген аймактык хаб" аттуу эл аралык транспорт форумунда айтты. Ал белгилегендей, Борбор Азияда жана Евразияда транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү бардык өлкөлөр үчүн пайдалуу болуп, товар жүгүртүүнүн өсүшүнө өбөлгө түзөт. "Аймакта транспорт инфраструктурасынын өнүгүүсү — Борбор Азияда жана Европага чыгуучу Евразияда товарлардын эркин ташылышына шарт түзөт. Инфраструктуранын өнүгүшү ар дайым пайда алып келет. Россия бул долбоорду технология, улуттук кадрларды даярдоо жана темир жол техникаларын камсыздоо аркылуу колдоого даяр", — деди Зверев. Ал Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү катары темир жол тармагында бирдиктүү техникалык стандарттарга ээ экенин эске салды. Зверев транспорттук долбоорлор өз-өзүнчө эмес, биргелешип өнүгүшү керек экенин белгилеп, дал ушундай комплекстүү мамиле жүк ташуунун көлөмүн көбөйтүүгө жана логистикалык жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга жардам берерин кошумчалады.
https://sputnik.kg/20260423/-transport-tarmagyndagy-ozgoruulor-1100948199.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/04/17/1100951212_0:0:1280:960_1920x0_80_0_0_c09582207340a38a278a3d8863ee242e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, темир жол, транспорт, форум, еаэб, көмөктөшүү
кыргызстан, россия, темир жол, транспорт, форум, еаэб, көмөктөшүү
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Россия Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушун технологиялар, кадрларды даярдоо жана темир жол вагондорун камсыздоо аркылуу колдоого даяр. Бул тууралуу Россиянын транспорт министринин орун басары Дмитрий Зверев Бишкекте өткөн "Кыргызстан – континенттерди бириктирген аймактык хаб" аттуу эл аралык транспорт форумунда айтты.
Ал белгилегендей, Борбор Азияда жана Евразияда транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү бардык өлкөлөр үчүн пайдалуу болуп, товар жүгүртүүнүн өсүшүнө өбөлгө түзөт.
"Аймакта транспорт инфраструктурасынын өнүгүүсү — Борбор Азияда жана Европага чыгуучу Евразияда товарлардын эркин ташылышына шарт түзөт. Инфраструктуранын өнүгүшү ар дайым пайда алып келет. Россия бул долбоорду технология, улуттук кадрларды даярдоо жана темир жол техникаларын камсыздоо аркылуу колдоого даяр", — деди Зверев.
Ал Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү катары темир жол тармагында бирдиктүү техникалык стандарттарга ээ экенин эске салды. Зверев транспорттук долбоорлор өз-өзүнчө эмес, биргелешип өнүгүшү керек экенин белгилеп, дал ушундай комплекстүү мамиле жүк ташуунун көлөмүн көбөйтүүгө жана логистикалык жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга жардам берерин кошумчалады.