БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Франция 8-майда Экинчи дүйнөлүк согуштун бүткөнүн белгилөө салтанатына кайрадан Россияны чакырган жок. Бул тууралуу Москванын Париждеги элчиси Алексей Мешков билдиргенин РИА Новости кабарлады.
"Акыркы жылдары француздар бизди таптакыр чакырбай калышкан, көнүп деле калдык", — деген дипломат тиешелүү суроого жооп берип жатып.
Элчи гитлердик коалицияга кирген мамлекеттердин өкүлдөрү трибунада ардактуу орунду ээлеп, улутчулдук менен фашизмди жеңүүгө нар көтөргүс салым кошкон өлкөнүн чакырылбай калышы ызаланта турган көрүнүш экенин белгилеген.