БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Грушко НАТО Россия менен каршылашуу үчүн Балтика-Скандинавия аймагын карап жатканын билдирди.
РИА Новости агенттигине курган маегинде дипломат альянс аскердик мүмкүнчүлүгүн жогорулатып, операция жүргүзө турган географиялык багытын кеңейтүү боюнча жигердүү иштеп жатканын белгилеген.
"Бул багытта Балтика-Скандинавия зонасы катуу өздөштүрүлүп жатат. Дал ушул аймак Россия менен тирешүүчү аянт катары каралууда", — деген Грушко.
Россия акыркы жылдары батыш чек арасында НАТОнун катуу активдешип жатканын каттап келет. Альянс аракеттерин күчөтүп, муну "Россияны тизгиндеп туруу" деп атаган. Москва уюмдун Европада да күчтөнүүсүнө тынчсыздануусун бир нече ирет билдирген. Тышкы иштер министрлиги Россия НАТО менен сүйлөшүүлөргө даяр экенин, бирок диалог тең укукта жүргүзүлүп, Батыш континентти милитаризациялоодон баш тартышы керектигин эскертип келет.