Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунун теңинен азыраагы тоннелдер аркылуу өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун республика аймагындагы бөлүгүнүн үчтөн бири тоннелдер аркылуу өтөт.
Транспорт министрлиги долбоордо 29 тоннелдин курулушу каралганын, жалпы узундугу 104,83 чакырымды түзөрүн билдирди.
"29 тоннелдин баарында (анын ичинде узундугу 5 чакырымдан ашкан 8 тоннель) жер астындагы казуу иштери жүргүзүлүүдө. Коридор боюнча жалпы үч ири тоннель куруу пландалган, ар биринин узундугу 12 чакырымдан ашат", — деп айтылат кабарда.
Ошондой эле темир жолдун бүт аймагы боюнча 192 миң 323 чакырым убактылуу жол курулганы кошумчаланды. Төрт трансформатордук станция орнотулуп, 2 095 мамы коюлган жана 259 чакырым электр зымы тартылган.
Кыргызстан — Кытай — Өзбекстан темир жолунун жалпы узундугу болжол менен 530 чакырымдан ашат, анын ичинен 304 чакырымга жакыны Кыргызстандын аймагынан өтөт.
Бишкекте негизги эки көчөнүн кесилиши жабылып, транспорттук түйүн салынат. Видео