БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Иран менен келишим түзүлгөн шартта Ормуз кысыгы дароо ачылат. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп журналисттерге билдирген.
Ал белгилегендей, Иран менен түзүлө турган жакшы келишимдин негизги жана биринчи шарты — анын өзөктүк куралдан толук баш тартышы. Анткен менен Тегеран мындай куралга ээ болууга умтулбай турганын айтып келет.
Иран парламентинин спикери Мохаммад-Багер Галибаф Вашингтон менен Тегерандын өкүлдөрүнүн алдыдагы сүйлөшүүлөрү (бүгүн болот) тууралуу комментарий берген.
"Иран Жакынкы Чыгыштагы согушта өзүнүн укугун коргоого даяр экенин көрсөттү. АКШ бул сүйлөшүүлөрдү көрсөтмө же алдоо максатында колдоно турган болсо Тегеран ага каршы турат", — деген спикер.