Польшанын дөө-шаалары кулаган №1 борттун баяны. Видео

16 жыл мурдагы кырсык польшалыктарды эле эмес, алардын коңшу мамлекеттерин да нес кылган. 2010-жылдын 10-апрелиндеги бул трагедия 96 адамдын өмүрүн алган.
Sputnik
Көз жумгандардын ичинде Польша лидери Лех Качиньский жубайы менен болгон. Аны белгилүү саясатчылар, аскердик ишмерлер коштоп келе жаткан эле...
№1 борттун Смоленск-Северный аба майданына конор алдындагы трагедиясынын себеби боюнча бүтүм чыкканына карабай, Варшава комиссия түзгөн. Бирок анын мүчөлөрүнө миллиондор сарпталганы менен колго илинерлик эч нерсе табылган эмес.
Бул окуя тууралуу Sputnik Ближнее зарубежье эскерди.
Польшанын өкмөттүк комиссиясы менен Авиация боюнча эл аралык комитеттин кырсыкка экипаж күнөөлүү деген бүтүмүнө карабастан Варшава россиялык диспетчерлерди күнөөлөп, 2015-жылы бул трагедияны иликтөө боюнча жаңы комиссия түзгөн. Мындай доомат менен түзүлгөн топту былтыр декабрда гана өкмөт алмашкандан кийин жоюшкан.
Комиссиянын ишин каржылоого польшалык салык төлөөчүлөрдүн 33 миллион злотых суммасындагы ( 8,5 миллион долларга жакын) акчасы кеткен. Анын 12,5 миллиону айлыкка ( 3,2 миллион долларга чукул) жумшалган. Таң калычтуу бир жагдай, комиссиянын мүчөлөрүнүн бири да иликтөө иштеринин алкагында кырсык болгон Смоленскиге келген эмес.
"Пахтакор", 178 өмүр... Украина асманында 46 жыл мурда болгон кайгылуу окуя