БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. “Ата-Бейитте” Апрель окуяларында курман болгондор эскерилди. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана башка расмий адамдар катышып, курман болгондорго багышталып куран окулду.
"Ата-Бейит" комплекси
© Фото / пресс-служба президента КР
Эске салсак, 16 жыл мурун өлкөдө Апрель революциясы болуп, ошол кездеги президент Курманбек Бакиев бийликтен кулатылган. Апрель окуялары 123 адамдын өмүрүн алган. Ыңкылап болгон күнү Бишкектин борборундагы "Ала-Тоо" аянтында 87 адам каза таап, 400дөн ашууну жаракат алган. Алардын 36сы кийинчерээк көз жумган.