Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду

Sputnik
Бүгүн «Стоп кадр» программасында — коомду ойготконго аракет кылган «Балам» тасмасынын жаратуучулары менен өзгөчө маек. Конокто башкы продюсер Канатбек Орозов жана со-продюсер Байгазы Камчыбеков.
Бул фильм — жөн гана кино эмес, аталарды жоопкерчиликке чакырган күчтүү социалдык кайрылуу экени айтылды.
«Балам»” тасмасы бир нече оор жана маанилүү көйгөйлөрдү ачыктап, коомго күзгү кармайт.Тартуу учурунда кандай кыйынчылыктар болду? Кайсы окуялар жүрөктү титиретти?
Бүгүн дал ошол жоопторду биринчи булактан угабыз.