Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Мерц менен Трамп жаакташууда. Украина үчүн кесепети боолголонуп жатат

Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Германия канцлери Фридрих Мерц менен АКШ президенти Дональд Трамптын пикир келишпестиги Украинаны колдоого тоскоол болушу мүмкүн. Бул тууралуу Германиянын Der Spiegel журналына таянып РИА Новости жазды.
Дүйшөмбү күнү Мерц Трампты Иран менен болгон жаңжалда НАТО өлкөлөрүнүн аскердик колдоосу тууралуу талаптарын ЖМКлар аркылуу билдиргени үчүн сындаган. Өткөн шейшембиде Германия канцлери АКШ президенти ага анчейин жакшы мамиле кылбай жатканын, АКШ менен Евробиримдиктин ортосундагы тирешүү катуу экенин билдирген.
"Бул келишпестик Украинаны колдоо үчүн анык кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Мерц бул маселеде АКШны Европа тарапта кармап калууга көп күч жумшады", — деп жазган журнал.
Мындан мурда Трамп Иранга каршы операция НАТО үчүн сыноо болгонун айтып, альянстын моюн толгогонуна Вашингтон нааразы экенин жана муну унутпай турганын билдирген.
АКШ менен Израиль 28-февралда Иран аймагындагы объектилерге, анын ичинде Тегеран шаарына чабуул кое баштаган. Имараттар кыйрап, жай тургундардын каза болгону кабарланган. Иран жооп катары Израилдин аймагына, ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик объектилерине сокку уруп жатат.
"Эч ким тирүү кайтпайт". Иран Трампка кооптуу эскертүү берди