БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Украинага электр кубатын берүүнү токтотуп койгон Словакиянын премьер-министри Роберт Фицого мамлекетке чыккынчылык кылды деген кине менен полиция иликтөө баштады. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Мындай маалыматты Sloboda a Solidarita оппозициялык партиясынын жетекчиси Бранислав Грёлинг айтып чыккан.
Мурдараак аталган саясий бирикменин өкүлдөрү бул кадамдын мыйзамдуулугун тактап берүүсүн өтүнүп прокуратурага кайрылышкан. Алардын пикиринде, өкмөт башчынын буйругунда мамлекетке чыккынчылык кылуунун, кызматынан кыянаттык кылып пайдалануунун белгилери бар.
Грёлинг Башкы кайрылууну прокуратуранын облустук бөлүмүнө, алар полицияга жөнөткөн.
Февраль айында Роберт Фицо Украинага электр энергиясын берүү токтотулганын жарыялап, мындай кадамды "Дружба" кууру аркылуу мунай транзитинин калыбына келбей жатканы менен түшүндүргөн.
Эске салсак, Украина 27-январда Россиянын мунайын өз аймагы аркылуу Словакияга жана Венгрияга өткөрүүнү токтотуп, ага инфраструктурасы бузулуп калганын шылтоологон. Кийинчерээк, 18-февралда, Словакия бийлиги чийки заттын таңсыктыгынан улам кризистик кырдаал тартибин киргизип, Slovnaft мунай иштетүүчү заводу үчүн мамлекеттик резервден 250 миң тоннага чейин мунай бөлүүнү чечкен.
Словакиялык бийлик түтүк иштеп жатканын, мунай жеткирүүнүн токтотулушу Киевдин саясий чечими деп, Украинанын бул кадамы опузалоо экенин айткан.