БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Ак-Түз айылында шахтерлорго жана айылдын тургундарына арналган мемориалдык комплекс ачылды.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата жергиликтүү жашоочулар согушка катышкан айылдаштарынын жана 1930-1950-жылдары коргошун кенинде иштеген тургундардын ысымдары жазылган обелиск орнотушту.
Комплекстин ачылышына жана салтанаттуу митингге айыл тургундары, ардагерлер уюмдарынын өкүлдөрү, ошол жерден чыккан белгилүүлөр жана Россотрудничество өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев катышты.
Ак-Түз орто билим берүү мектеби бул окуянын урматына Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борборунан ("Русский дом") окуу китептерин жана көркөм адабияттарды алат.
Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Ак-Түздүн тургундары фашисттик Германияны жеңүүгө чоң салым кошушкан. Шаарчада коргошун рудасы казып алынып, 1942-жылдан баштап Советтер Союзунун коргонуу ишканаларына жөнөтүлүп турган. Аны аккумулятордук батареяларды, бронетехниканы, автомобилдерди, суу астындагы кайыктарды жана ок атуучу куралдарды өндүрүүдө колдонушкан. Шахтёрлор өлкөнүн муктаждыгы үчүн коргошун казып, өтө оор шарттарда иштешкен. Улуу Ата Мекендик согуштун фронтторунда айылдын 144 тургуну салгылашкан, алардын экөө — Иван Немцов жана Алексей Кривощеков Советтер Союзунун Баатыры наамына татыктуу болушкан.