РФ ТИМи НАТОнун Россияга жасалчу "алдын алуучу соккусу" боюнча жооп кылды

Sputnik
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. РФ ТИМи НАТО өкүлүнүн Россияга карата "алдын алуучу сокку" боюнча билдирүүсүнө жооп бергенин РИА Новости жазды.
Министрликтин расмий өкүлү Мария Захарованын айтымында, альянс Украина боюнча сүйлөшүүгө жолтоо боло албай, эми ушундай жол менен коркутуп-үркүтүүгө өтүп жатат.
Кеп НАТОнун аскер комитетинин өкүлү Жузеппе Каво Драгоненин буга чейин Financial Times басылмасына альянс Россияга алдын ала сокку уруу маселесин карашы мүмкүн экендигин, аны "коргонуу чарасы" деп эсептөөгө болорун айтканы туурасында болуп жатат.
"Бул Украинадагы кырдаалды жөнгө салууга багытталган байланыштар жанданып жаткан күндөрдө атайын жасалды", – деп Захарова Sputnik радиосундагы эфиринде баса белгиледи.
Дипломат буга чейин Россияга каршы макалалар биринин артынан экинчиси пайда болгонун белгиледи.
"Кыязы, алар күткөн жыйынтык болбой калгандай. Байланыштар уланып, эч ким бул иш-аракеттерге чагымчылар каалагандай кадам таштаган жок. Мындан улам алар коркутууларга, келишимдерди бузууга өңүт алган чабуулга өтүштү", — деди Захарова.
Анын берген баасы боюнча бул Батыштын согуштун уланышына кызыкдар болгон тараптарынын кызыкчылыгы үчүн жасалууда.
Путин: Россиянын Европа менен согушайын деген ою жок, бирок баштаса, Москва даяр