БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Бишкекте күч алган курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) жана сасык тумоо боюнча маалымат берди.
Ведомствонун айтымында, соңку күндөрү ооруканага кайрылгандардын жана жаткырылгандардын саны азайган.
500 орундуу Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасында учурда 565-573 бейтап жатат. Алты адам реанимацияда (буга чейин 10 бейтап болчу). Ал эми Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасынын профилдештирилген бөлүмдөрүнө 421 орун уюштурулуп, анын 378инде бейтаптар бар.
Дарыгерлер элди күнү-түнү кабыл алууда.