Трамп: Путин 10 жыл бою Украина чырын жөнгө салууга аракет кылып келгенин айтты

Sputnik
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. РФ лидери Владимир Путин АКШ президенти Дональд Трампка Россия Украинадагы абалды жөнгө салууга 10 жыл бою аракет көрүп келгенин айтып берген. Бул тууралуу америкалык лидер бизнес-форумда билдиргенин РИА Новости жазды.
"Президент Путин менен эки жума мурун сүйлөштүм. Ал мага согушту токтотууга 10 жылдан бери аракет кылып келгенин, бирок максатына жетпей жатканын айтып берди", — деген АКШ жетекчиси.
Трамптын айтымында, ал президенттик мөөнөтүндө бир катар жаңжалдарды токтоткон, кээсине бир саат ичинде чекит койдуруп, "БУУнун жардамы да керектелген эмес".
Эскерте кетсек, Путин менен Трамп 15-августта Аляскада жолугуп, украин маселесин жөнгө салуу жолдорун талкуулашкан. Эки лидер тең сүйлөшүүлөр алгылыктуу болгонун белгилешкен эле. РФ президенти саммиттин жыйынтыгы менен Украинадагы жаңжалды токтотууга мүмкүнчүлүк жаралганын айтып, Россия тынчтык узак мөөнөткө орношуна кызыкдар экенин билдирген. Путин украин чырынын аягына чыгуу үчүн пикир келишпестиктин түпкү себебин жоюу керектигин дайым айтып келет.
Путин: Батыштын атайын кызматтарына Россияны ичинен иритүү милдети коюлган