Кыргызстандын экономикасындагы алдыңкы 200 ишкананын тизмеси жарыяланды

Sputnik
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Улуттук статистика комитети экономиканын реалдуу секторундагы алдыңкы 200 ишкананын тизмесин жарыялады.
2024-жылдагы рейтинг беш көрсөткүч боюнча түзүлгөн. Анда 32,7 миң ишканадагы кызматкерлердин саны, соода жүгүртүүсү жана тапкан пайдасы изилденген.
Тизмедеги алдыңкы 10 компания:
1.
"Кумтөр Голд Компани" (мамлекетке караштуу);
2.
"Кыргызстан аэропорттору" (мамлекетке караштуу);
3.
"Альянс Алтын" (Жер-Үй кенин иштетет, Россия);
4.
"Алтынкен" (кыргыз-кытай биргелешкен ишканасы);
5.
"НУР Телеком" (Казакстан);
6.
"Альфа Телеком" (мамлекетке караштуу);
7.
"Эти Бакыр Терек-Сай" (кыргыз-түрк биргелешкен ишканасы);
8.
"Кыргыз темир жолу" (мамлекетке караштуу);
9.
"Газпром Кыргызстан" (Россия);
10.
"Умай Групп" (негиздөөчүсү — чет элдик компания).
Ишканалардын толук тизмесин шилтемеден көрсөңүз болот.
Реалдуу сектор — бул экономикадагы товар жана кызмат өндүргөн тармактар (өнөр жай, айыл чарба, курулуш, транспорт ж.б.). Ага каржы жана банк секторунан тышкаркы ишканалар кирет.
Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө башка өлкөлөр менен товар жүгүртүүсү 3,2%га өстү