ЖМК: Трамп Нетаньяху менен жолугушууда Газа боюнча бир келишимге келүүнү көздөөдө

Sputnik
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен дүйшөмбү күнү боло турган жолугушууда Газа боюнча бир келишимге келүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу "Рейтер" агенттиги жазды.
Трамптын айтымында, "бул келишимдин түзүлүшүнө баары кызыкдар".
АКШ лидери сунушуна Израиль менен араб мамлекеттери оң баасын беришкенин белгиледи. Трамп анын тынчтык планы Газанын эле маселесин чечпестен, жалпы Жакынкы Чыгыштагы абалды жөнгө салууга багытталарын кошумчалаган.
Палестина президенти ХАМАС курал-жарагын ташташы керектигин айтты