БИШКЕК, 20-сен. —Sputnik. Москвада "Зубовскийдеги SputnikPro" долбоорунун үчүнчү сезону аяктады.
15-19-сентябрь күндөрү “Россия сегодня” медиатобунун кеңсесинде КМШ мамлекеттеринин журналист, блогер, SMM жана пиар-адистери окутулду. Катышуучулар агенттиктин кесипкөй кызматкерлеринен заманбап медианын негизги багыттары боюнча 13 мастер-класс алып, лекцияларды угушкан.
Алар Telegram-канал түзүү тапшырмасында жаңы билимин дароо практикада колдонушкан.
“Катышуучуларга каналдын аталышын жана концепциясын түзүп, ар кандай постторду жүктөп, катышуучуларды кыска убакытта топтоо үчүн үйрөтүлгөн ыкмаларды колдонуу тапшырмасы берилген. Ар өлкөдөн келген коноктор бири-бири менен тыгыз иштешип, командалык кызыкчылыктарды көздөп жатышты. Окутуунун соңку күнүндө каналды презентация кылышып, ага Sputnik адистери баасын берип, кошумча кеңештерин беришти”, — деп жазылган маалыматта.
Иш-чарага катышкандардын көбү өзүн ЖМКдагы суроо-талап күч тармактардын бири — Telegram-каналдын редакторлугунда сынап көрүшкөнү белгиленет.
Сентябрдагы программага Абхазия, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген журналисттер катышкан. Ага баргандар билим гана албастан, жыл сайын программанын катышуучулары арасында кесиптик жана достук мамиле кеңейип жатат. “Москва жана “Зубовскийдеги SputnikPro” долбоору бизди бириктирип, дос кылды”, — деген катышуучулар.
Үч жыл аралыгында Москвадагы кеңседе “Зубовскийдеги SputnikPro” долбоорунун 12 модулдук программасы өтүп, жакынкы чыгыштагы 11 мамлекеттеги 144 катышуучу агенттиктин иши менен таанышып, кесиптик жөндөмүн жогорулата алган.