БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн ичинде эң төмөнкү эсептик чендердин бири Кыргызстанда белгиленген.
Улуттук банктын маалыматы боюнча, өлкөнүн эсептик чени 9,25 пайызды түзүп, Армениядан (6,75) кийинки сапта турат.
Эсептик чен — коммерциялык банктарга кредит берүүдөгү пайыздык көрсөткүч. Ал канчалык жогору болсо, кредиттер, депозиттер боюнча пайыздар да ошончолук жогору болот. Эсептик чен инфляцияны басаңдатуу үчүн көтөрүлөт, бирок терс жагы калк товарларды аз сатып алып, бизнес зыян тартат. Ал эми анын ылдыйлашы экономикалык өсүшкө жардам берет, бирок акчанын наркы да төмөндөйт.