БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Россиянын жараны, альпинист Наталья Наговицына кабылган кырсык боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматка караганда, альпинисттин Жеңиш чокусуна сапарын уюштурган Ak-Sai Travel туристтик компаниясы дагы текшерилет.
Материалдар электрондук журналга каттоого алынды.
Эске салсак, Россиялык альпинист Наговицына 2025-жылдын 12-августунда аталган чокудан түшүп келе жатып бутунан жаракат алган. Эртеси күнү италиялык Лука Синигилья жана анын шериги Гюнтер Наговицынага көтөрүлүшкөн. Ага жетип, уктоочу мүшөк, азык-түлүк, газ баллон таштап, аба ырайынын катаалдыгынан улам кайра түшүүгө мажбур болушкан. Жолдо италиялык альпинисттин абалы капыстан кескин начарлап, 15-августта каза болгон (чокудагы абанын басымынан улам мээси шишип кеткен болушу мүмкүн деген маалыматтар айтылды).
16-августта окуя болгон жерге Кыргызстандын Коргоо министрлигинин куткаруучу тик учагы жөнөтүлгөн, бирок аба ырайынын начардыгынан улам кырсыктап, эки адам жабыркаган. Ал эми 27-августтан тарта Наговицына дайынсыз жоголду деп эсептеле баштады.