Кыргызстанда эттин баасына белгисиз мөөнөткө мамлекеттик көзөмөл киргизилүүдө. Айыл чарба министрлигинин билдиришинче бул аракет эттин баасынын өсүшүнө жол бербөө, малды чек арадан алып кирүү, алып чыгууну көзөмөлдөө жана экспортоого сандык чектөө киргизүү максатында ишке ашырылууда. “Спутниктен сүйлөйбүз” программасында жаңы кирип жаткан көзөмөл жана аны ишке ашыруу жолддору тууралуу сүйлөштүк.
Биздин суроолорубузга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин азык-түлүк коопсуздук боюнча чечимдерди ишке ашыруу бөлүмүнүн башкы адиси Чолпонай Жолочу кызы жооп берди.