Кыргызстан Бүбүсара Бейшеналиева тууралуу архивдик материалдарды алды

Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Кыргызстан Бүбүсара Бейшеналиева тууралуу архивдик материалдарды алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Санкт-Петербургдагы иш-чарага катышууда. Ал А.Ваганова атындагы Россиянын балет академиясынын ректору Николай Цискаридзе менен жолугуп, хореографиялык билим берүү жаатындагы кызматташуу маселелери талкууланган. Ошондой эле Байсалов СССРдин эл артисти, кыргызстандык балерина Бүбүсара Бейшеналиеванын 2026-жылдагы 100 жылдык мааракесине карата академия берген архивдик материалдар үчүн ыраазычылык билдирген.
Мындан тышкары, Байсалов Санкт-Петербург мамлекеттик университетинде болуп, ректор Николай Кропачев менен жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо жана билим берүү программаларын өнүктүрүү боюнча пикир алмашканы кошумчаланды.
Октябрь революциясынан кийин өр алган кыргыз маданияты. Тарых барактары