Өлкөдө 26-февралдан 2-мартка чейин “Коомдук транспорт”аталышындагы рейд жүрдү. Рейд учурунда жүргүнчүлөрдү ташыган автобустардын, такси кызматтарынын техникалык абалы жана жүргүнчүлөрдү ташуудагы эрежелердинсакталуусу текшерилди. Мындан тышкары ар аптанын шейшемби, бейшемби жана жума күндөрү жүргүнчүлөрдүн агымы көп болгон аялдамалдарда текшерүү жүргүзүлүптурат. Анда айдоочулардын аялдамага туура токтоосу, жол эрежелери так сактоосу менен бирге жүргүнчүлөргө карата маданиятынын талаптарын сакталышына маани берилет. "Коомдук транспорт" аталышындагы рейд учурунда 7 406 айдоочуга айып салынып, жалпы суммасы 4, 5 миллиондон ашты.
Бул тууралуу “Ачык кеп” берүүсүнүн коноктору маалымдашты.