Жаздын келиши менен көпчүлүк адамдартакай чарчап, уйкусу келип, өздөрүн жаман сезе башташат. Мунун себеби авитаминоз болуп эсептелинет. Авитаминоз - бул организмге витаминдердин жетишпестигиненкелип чыккан кеңири тараган оору. Жазгы авитаминоз убагында организм А, С, Д, Е,В тобунун витаминдерине муктаж болот. Мындан улам азыркы учурда адамдардарыгердин кеп-кеңеши жок эле антибиотиктерди, ар кандай дары-дармектерди колдонушат. Бирок, бул туура эмес экенин дарыгерлер эскертишет.
Жазга каратавитаминдерди тандоо, ичүү тууралуу кеңештерди “Көз мончок” программасынан уга аласыздар.