Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Шаарларды өнүктүрүү боюнча президенттин демилгесинин алкагында Кара-Балтага бөлүнгөн бир миллиард сом калаанын өнүгүүсүнө орчундуу таасир этти. Бул тууралуу Кара-Балтанын мэри Мирлан Джекшенов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, шаарда жакынкы 3-4 жылдын ичинде чоң өзгөрүү күтүлүүдө. "Жакынкы 3-4 жылдын ичинде Кара-Балтада чоң өзгөрүү болот. Быйыл башталды. Жылдан-жылга бюджетибиз көбөйөт. Суу, свет, жол маселелерин чечебиз. Муну менен катар бала бакча, мектеп көйгөйлөрү дагы чечилет. Кара-Балта шаары жакынкы жылдары республикалык деңгээлдеги алдыңкы шаарлардын бири болот", — деди Джекшенов. Ошондой эле ал шаарда өндүрүш ишканаларын жандандырууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын кошумчалады.
18-ноябрдан тарта Балыкчы — Кочкор жолунун 39-90 жана 42-90-чакырымына чейинки бөлүгүндө (Кубакы ашуусуна чейин) жол жабылат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы кабарлады. Билдирмеге караганда, 18-декабрга чейин курулуп жаткан "Балыкчы — Кочкор" темир жолунун 37-43 чакырымдарында жардыруу иштери жүрмөкчү. Иштер дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү саат 8:00дөн 17:30га чейин жүргүзүлөт. Ишкана айдоочуларга сапарга чыгардын алдында маршрутту пландап алууну эскертти.
Бишкек шаарында эки троллейбус базасына электр кубаттоочу түзүлүштөр орнотулуп, капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө. Мэриядан маалымдашкандай, учурда Москва, 237 жана Шабдан Баатыр көчөсү 14 дарегиндеги автопарктарда жер казуу, демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. Белгиленгендей, реконструкциялоо иштери Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен жүргүзүлүүдө. Биринчи этапта 120 электр автобустарын жана кубаттагычтарды алып келүү пландаштырылса, экинчи этапта эки базаны толук реконструкциялоо каралган. Буга байланыштуу эки ДЕПОдо жайгашкан троллейбустар Коргоо министрлигине караштуу "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасынын аймагына убактылуу ташылып келүүдө.
Казакстандын Акмола облусунда мурдагы мечиттин имаратында газ баллон жарылып, үч адам каза болгонун Tengrinews агенттиги облустук Өзгөчө кырдаалдар департаментине шилтеме берүү менен билдирди. Коргалжын районунун Сабынды айылында газ-аба аралашмасы жарылган. Имаратта жети газ баллон болгон. Кырсыктан 46 жаштагы эркек киши, 1983-жылы туулган аял жана 12 жаштагы бала каза болду. Алардын сөөгү урандылардын астынан табылган. Дагы 16 адам жабыркап, бардыгы Астана шаардык ооруканасына жеткирилген.