БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров иш сапар менен Азербайжанга барганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Бакуда БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 29-конференциясы болот.
Президент иш сапардын алкагында Климаттык саммиттин ачылыш аземине катышып, конференциянын пленардык сессиясында сөз сүйлөйт.
Азербайжан жана Монголия менен биргеликте БУУ КӨАК КОП29 талааларында уюштурулуп жаткан "Жогорку деңгээлдеги диалог: тоо күн тартибин илгерилетүү жана тоолор темасын жана климаттын өзгөрүшүн актуалдаштыруу" деген аталыштагы иш-чарада президенттер талкууга катышат.
Делегациянын курамы:
тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов;
жаратылыш ресурстары, экология министри Медер Машиев;
президенттин 2023-2027-жылдарга тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова.
Аталган иш-чара 13-ноябрда өтөт.