Сирия менен ЕАЭБ кызматташууга ниеттенүүдө. Меморандумдун долбоору талкууланды

Sputnik
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) менен Сирия өкмөтүнүн ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумдун долбоору талкууланды. Бул тууралуу уюмдун сайтында жазылган.
ЕЭКтин Соода саясаты департаментинин директору Владимир Серпиков Сириянын Россиядагы элчиси Башар Жаафари менен жолугушууда ЕАЭБ менен кызматташуу боюнча меморандум түзүү маселелерин сүйлөштү
Маалым болгондой, ЕЭКтин Соода саясаты департаментинин директору Владимир Серпиков Сириянын Россиядагы элчиси Башар Жаафари менен жолугушууда ЕАЭБ менен кызматташуу боюнча меморандум түзүү маселесин сүйлөштү.
"Учурда Сирия үчүн экономикалык кызматташууда Чыгыш негизги багыт болуп саналат. Мындан улам биз үчүн ЕАЭБ, ШКУ жана БРИКС сыяктуу бирикмелер менен кызматташууну өнүктүрүү чоң мааниге ээ", — деген Башар Жаафари.
Тараптар келечектеги меморандумдун мазмунун карап чыгып, ага кол коюу жумуштарын эртелетүүнү макулдашышкан.
ЕАЭБде транспорттук чөйрөдөгү "кууш коридорлорду" кеңейтүү пландалууда