БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Владимир Зеленский АКШнын колдоосунан ажырап, Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу үчүн сүйлөшүүгө акыры келет. Бул тууралуу Hurriyet түрк гезитине шилтеме кылып РИА Новости жазды.
Басылма белгилегендей, бул сүйлөшүүлөрдө Анкаранын ортомчулугу алдыңкы планга чыгышы мүмкүн.
Бейшембиде Владимир Путин "Валдай" клубунун пленардык жыйынында Россия АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп жана Батыштын башка башчылары менен да байланышты калыбына келтирүүгө каршы эместигин билдирген. Россия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Путин менен Трамптын телефон аркылуу сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнө комментарий берип жатып, Путин "Валдай" клубунун пленардык жыйынында АКШ менен тең укуктуу баарлашууга даяр экенин дагы бир жолу тастыктаганын айтып, кийинки кадамды америкалыктар жасашы керектигин белгилеген.
"Трамптын эң негизги убадасы Россия менен Украинанын ортосундагы жаңжалды токтотуу болду. Владимир Путин Трамптын жеңерин күткөн. Ошентип ал АКШнын колдоосунан ажыраган Зеленский менен сүйлөшүү болорун билген. Путиндин болжогону туура чыкты. Бул процесс президент Эрдоганды алдыңкы планга чыгарышы мүмкүн. Анткени ал Путин менен да, Зеленский менен да, Трамп менен да сүйлөшө алган жалгыз лидер", — деп жазат басылма.
Июнда Путин Украинадагы жаңжалды тынчтык жолу менен чечүү демилгесин көтөргөн. Анда украин аскерлери Россиянын жаңы аймактарынан чыгарылгандан кийин Москва ок атышууну токтотуп, сүйлөшүүлөргө даяр болору айтылат. Мындан тышкары, Киев НАТОго кирүү ниетинен баш тартып, демилитаризация жана денацификация жасап, бейтарап, блокторго кошулбаган жана өзөктүк куралсыз статусту кабыл алышы керек.