"Унаа" кызматкерлери былтыр кардарлардан 34,2 млн. сом ашык жыйнаган

Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. 2023-жылы Транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин (Унаа) кызматкерлери кардарлардан 34,2 миллион сом ашыкча жыйнаган. Бул тууралуу Эсеп палатасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, агенттикте жыл ичинде 552,7 миң унаа катталса, анын ичинен 133,1 миңи биринчи жолу катталган.
"Транспорт каражаттарын каттоо үчүн 264 сом, атайын техника үчүн 195 сом ашыкча алынган, мындан улам жалпы 34,2 миллион сом кардарлардан ашыкча жыйналган", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле агенттик кайталап каттоо жүргүзүдөн 7,3 миллион сом негизсиз алганы кошумчаланган.
"Унаанын" жаңы директору Улан Карыпбековдун өмүр баяны