БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Ишембиде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Бийик тоолуу унаа жолдор тайгак жана тоңголок болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда +9…+14, Таласта +8…+13, Ош менен Жалал-Абад өрөөндөрүндө +14…+19, Баткен аймагында +13…+18 градус, Ысык-Көлдө +10…+15, Нарын жергесинде +9…+14 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы борбор калаада +11…13 градус болсо, Ош шаарында +14…+16 градуска жетет.