Дүйнө чемпионатына тандоо: КР футболчулары Түндүк Кореяны утуп алды

Эми Кыргызстан А тайпада бешинчи орунду ээлеп калды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо турундагы оюнда алгачкы жеңишин камсыздады.
1 / 4

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо турундагы оюнда алгачкы жеңишин камсыздады

2 / 4

Төртүнчү раундда “Ак шумкар” командасы 1:0 упай эсеби менен Түндүк Кореяны утуп алды. Жалгыз голду курама командадан Християн Браузман киргизди.

3 / 4

Муну менен Кыргызстан 2026-жылы өтө турчу дүйнө чемпионатына тандоо турундагы оюнда алгачкы жеңишти камсыздады

4 / 4

Эми Кыргызстан А тайпада бешинчи орунду ээлеп калды. Ал эми алтынчыга бүгүнкү атаандаш команда Түндүк Корея түштү. Алдыда дагы 6 оюн бар.

Төртүнчү раундда “Ак шумкар” командасы 1:0 упай эсеби менен Түндүк Кореяны утуп алды. Жалгыз голду курама командадан Християн Браузман киргизди.
Муну менен Кыргызстан 2026-жылы өтө турчу дүйнө чемпионатына тандоо турундагы оюнда алгачкы жеңишти камсыздады.
Оюндун биринчи бөлүгүндө Християн Браузман гол киргизди. КР курама командасы квалификациянын үчүнчү раундундагы алгачкы үч упайды ала алды.
Эми Кыргызстан А тайпада бешинчи орунду ээлеп калды. Ал эми алтынчыга бүгүнкү атаандаш команда Түндүк Корея түштү. Алдыда дагы 6 оюн бар.
Кыргызстандын футболчулары Катарга 3:1 эсебинде жеңилип калды