9-октябрга карата аба ырайы

9-октябрга караган түнү өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Шаршембиде күндүз Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жааса, калган аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +21…+26, Талас аймагында +19…+24, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +22…+27, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +16…+21 градус жылуу болот.
Бишкекте күндүн табы +23…+25 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында +24…+26 градуска жетет.
Бишкек мэриясы накталай төлөмдөр үчүн жол кирени көтөрүүнү пландап жатат