Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Кыргызстанда Мамлекеттик соода компаниясы түзүлдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Компания түзүү максаты — товары өлкө аймагына кирбеген, бирок соода агымына катышкан кыргызстандык компанияларга мониторинг жүргүзүү. "Буга чейин Кыргызстанга товар жеткирбей сырттан соода кылган бардык ата мекендик компаниялар эми операцияларды Соода компаниясы аркылуу гана жүргүзүп калат. Бул аталган тармакта тартип орнотуу жана финансылык операцияларды көзөмөлдөө үчүн зарыл", — деп жазылат маалыматта.Чектөө жеке колдонуу үчүн товарга маркетплейстер аркылуу буйрутма бергендерге таасирин тийгизбей турганы кошумчаланды.
Кытайдын илимий борборлорунда стажировкадан өтүү үчүн окумуштуулар арасында сынак жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Билдирмеге караганда, илимий стажировканын мөөнөтү 6 айдан 1 жылга чейин созулат. "Кытай тарап окуу чыгымдарын көтөрүп, жатакана менен камсыз кылат. Стипендия дагы бөлүп берүү маселеси каралып жатат. Сынакка илим жана технологиялар аркылуу жакырчылык менен күрөшүүгө аракет жумшаган, айыл чарба, биомедицина, индустриялаштыруу, "жашыл" экономика жана сейсмология тармактарындагы адистер катыша алат", — деп жазылат кабарда. Сынакка катышуу үчүн 20-октябрга чейин арыз жазуу керек. Паспорт, диплом, окумуштуулук даражасы жөнүндө документтердин көчүрмөсү, эмгек китепченин көчүрмөсү, илимий эмгектердин тизмеси Касым Тыныстанов көчөсү, 257 дарегиндеги министликтин имаратынын 215-бөлмөсүндө кабыл алынат.
Бишкек мэриясы шаардыктарды кайрадан таштандыны кечки саат 19:00дөн түнкү саат 24:00гө чейин чыгарууну суранып жатат.Маалыматта "Тазалыктын" кызматкерлери таштандыны 24:00дөн баштап 06:00гө чейин тазалап кете турганы белгиленди. "Сиздер эртең менен балдарды окууга жана бала бакчага жеткирүүдө же жумушка баратканда таштап кетип жатасыздар. Ошол үчүн күндүз кечке таштанды челектер толуп турат. Күндүз жол тыгындын айынан таштандыны чогултуп кетүү оорчулук жаратат", — деп жазылган маалыматта.Мэрия күндүз калаанын бардык жагынан таштандыны чогултуу мүмкүн эмес экенин айтып, "келиңиздер, өзүбүзгө өзүбүз жардам берели" деген.
Россиянын Тышкы иштер министрлиги “Хезболланын” лидери Хасан Насрулланын Израиль тарабынан өлтүрүлүшүн айыптады.Ошондой эле мында саясий боек бар экени айтылып, согуштук аракеттерди тез арада токтотууга чакырды. Эскалация үчүн толук жоопкерчилик Израилдин мойнунда экени да белгиленди. Ал эми Түркиянын лидери Режеп Эрдоган Ливанды жана анын элин Израилдин “геноцид жасоо үчүн жаңы бутасы” деп атады.“Курал-жарак жана ок-дарылар менен камсыз кылган державалар Израилди көптүрдү”, - деди Эрдоган. Түрк лидери милдеттерине тынчтыкты жана стабилдүүлүктү камсыздоо кирген бардык түзүмдөрдү, өзгөчө БУУнун Коопсуздук кеңешин, ошондой эле бардык укук коргоочу уюмдарды ыкчам чараларды көрүүгө чакырды.Ирандын маалымат каражаттары Насрулла менен бирге Бейрутта Ирандын революциялык гвардиясынын жогорку даражалуу генералы Аббас Нилфурушан да өлтүрүлгөнүн жазышууда.Ал эми Ynet маалымат порталы Израилдин Аба күчтөрү Бейруттун четиндеги жер астындагы бункерге Насрулланы өлтүрүү үчүн ар биринин салмагы бир тонналык 80ден ашык бомбаны таштаганын жазды