Кыргызстандын аскерлери ЖККУнун Казакстандагы машыгууларына жөнөп кетти

Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кыргызстандын аскер кызматкерлери ЖККУнун "Бузулбас боордоштук — 2024" машыгууларына жөнөп кетишти. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.
1 / 3

Кыргызстандын аскер кызматкерлери ЖККУнун "Бузулбас боордоштук — 2024" машыгууларына жөнөп кетишти

2 / 3

Маалыматка караганда, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун тынчтыкты орнотуучу күчтөрү Казакстанда машыгат

3 / 3

Иш-чара 28-сентябрдан 5-октябрга чейин "Берег" полигонунда өтөт

Маалыматка караганда, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун тынчтыкты орнотуучу күчтөрү Казакстанда машыгат. Иш-чара 28-сентябрдан 5-октябрга чейин "Берег" полигонунда өтөт.
Эске салсак, "Бузулбас боордоштук" командалык-штабдык машыгуусу былтыр Кыргызстандын аймагында өткөн.
Кыргызстанда ЖККУнун машыгуусу кандай өттү. Видео