Элдар Алишеров ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика министри болду

39 жаштагы Элдар Алишеров буга чейин Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри болуп эмгектенип келген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Элдар Алишеров ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика министри болуп дайындалды. Мындай чечимди Жогорку евразиялык экономикалык кеңеш 11-сентябрда кабыл алган.
Элдар Алишеров акыркы бир жарым жылда Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри болуп иштеп келген.
Мындан тышкары, 2022-жылдан бери президенттик администрациянын Евразиялык экономикалык биримдиктин иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган. Ага чейин төрт жылга чукул экономика министринин орун басары кызматын аркалаган.
Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.
Радио
Навигациялык пломба 2024-2025-жылдарда толук ишке кириши керек