00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
14:55
5 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
42 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
6 мин
Максимальный репост
Пересадка новогодней ели: главные правила и ошибки
16:07
35 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жаңы жылдык дасторконду даярдоодо эмнелерге маани берүү керек? — менюну эртерээк ойлонуңуз
17:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Ремонт дорог, новые виды транспорта и смог — интервью с мэром Бишкека Айбеком Джунушалиевым
18:07
57 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Стоп-кадр
Айым режиссерлордун VI форуму кандай жыйынтыкталды?
19:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Личный интерес
Безопасность СНГ: ветеран спецслужб о ключевых решениях заседания ОДКБ
20:06
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
“Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы 2024-жылы 497 миллион сом каражат үнөмдөдү
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Навигациялык пломба 2024-2025-жылдарда толук ишке кириши керек

© Sputnik / Асель СыдыковаЕвразиялык экономикалык комиссиянын бажы кызматташуусу боюнча министри Элдар Алишеров. Архив
Евразиялык экономикалык комиссиянын бажы кызматташуусу боюнча министри Элдар Алишеров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2024
Жазылуу
Евразиялык экономикалык комиссиянын бажы кызматташуусу боюнча министри Элдар Алишеров ЕАЭБ алкагында бизнеске ыңгайлуу климат түзүү максатында бир топ актылар кабыл алынганын билдирди.
ЕЭКтин кеңеши атайын план кабыл алып берген. Ага ылайык, ушул жылдын январь айынан тарта электрондук навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча 28 актыны кабыл алышыбыз керек болчу. Анын 27си кабыл алынган. Бул тууралуу Элдар Алишеров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Навигациялык пломба 2024-2025-жылдарда толук ишке кириши керек
Анын айтымында, 28-акт бул Кыргызстан тарабынан сунушталып, навигациялык пломба коюлган жүктөрдү токтотуп текшерүү маселесин камтыйт.
"Бажы тармагындагы жасалып жаткан иштердин дээрлик бардыгы ЕАЭБ мамлекеттеринин тургундарына жана анын алкагында иш алып барган бизнесмендерге жагымдуу климат түзүүгө, ишин жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган. Биз бул боюнча бир канча актыларды кабыл алып бердик. Ал эми жүк ташуудагы навигациялык пломбалар ушул жылдын январь айынан тарта ишке кириши керек болгондуктан аны кыймылга келтирүүчү 28 акт жазылып, 27си кабыл алынган. Соңку акт навигациялык пломба коюлган жүктөрдү текшерүүгө багытталган. Муну кыргыз тарап сунуштап, навигациялык пломба коюлган жүктөр жеткен жеринде гана пломбасы чечилсин деген сунуш болгон. ЕАЭБге мүчө бардык мамлекеттер муну колдоду. Айрым гана учурларда пломбаланган жүктөр багытталган дарегине жеткенге чейин текшерүүгө алынышы мүмкүн. Укук коргоо органдарында ошол жүктө мыйзам бузган заттар бара жаткандыгы тууралуу маалымат болгон учурда текшерилет. Экинчиден, штаттан сырткаркы учур жаралса, мисалы, жүк Россияга багытталып, бирок жолдон башка жакка бурулуп кетсе, жүк ташыган унаа бузулуп, башка автоунаага жүктөөгө мажбур болсо, үчүнчүдөн, документсиз же документтери жасалма болгон, мөөнөтү өткөн жүктөр текшерүүгө алынат. Навигациялык пломбаларды орнотуу үч этапта ишке ашат. Биринчисинде алкоголь жана тамеки продукцияларына, санкция кирген товарларга, андан сырткары, бажы төлөмдөрү чоң товарларга, экинчи этапта темир жол менен ташылган жүктөр, үчүнчүсүндө автомобиль менен да, темир жол аркылуу да ташылган товарларга коюлушу керек. ЕАЭБ алкагында товар жүгүртүүдө электрондук навигациялык пломбаларды коюу иштери 2024-2025-жылдарда толук кандуу ишке кириши зарыл", — деди Алишеров.
Ал ЕАЭБ мамлекеттерине үчүнчү өлкөлөрдөн товар алып кирүүдө учурда 1000 долларга чейинки жүктөр бажы төлөмүнөн бошотулган тартип ушул жылдын ортосуна чейин узартылганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0