Элдар Алишеров ЕЭК министри Максат Мамыткановдун ордуна дайындалды

© Sputnik / Жоомарт УраимовЭлдар Алишеров. Архив
Элдар Алишеров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2023
Жазылуу
Алишеров 37 жашта. Буга чейин президенттин администрациясында Евразиялык экономикалык биримдиктин иштери боюнча бөлүмдү жетектеп келген.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Элдар Алишеров Евразиялык экономикалык комиссиянын Бажы кызматташуусу боюнча коллегия мүчөсү (министр) болуп дайындалды. Мындай чечимди Жогорку евразиялык экономикалык кеңеш 20-февралда кабыл алган.
Ага чейин аталган кызматты Максат Мамытканов (2021-жылдын 30-июнунда дайындалган) аркалап келген.
ЕЭКтин сайтында жаңы министрдин Кыргызстандын мамлекеттик органдарында жетиштүү тажрыйбасы бар экени айтылган.
Өмүр баяны
Элдар Алишеров 1985-жылы Бишкек шаарында туулган. 2007-жылы Санкт-Петербург мамлекеттик университетинен "дүйнөлүк экономика" адистигин алган. Ал эми 2017-жылы Мамлекеттик башкаруу академиясынын магистратурасын "мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" адистиги боюнча аяктаган.
Мамлекеттик кызматтагы эмгек жолун 2008-2010-жылдары Соода жана экономикалык өнүгүү министрлигинде эмгектенүү менен баштаган.
2011-2014 — бизнес-сектор;
2014- 2017 — өкмөттүн аппараты;
2018-2022 — экономика министринин орун басары;
2022-жылы президенттин администрациясында Евразиялык экономикалык биримдиктин иштери боюнча бөлүмдүн жетекчилигине дайындалган.
Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.
ЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2023
ЕАЭБ өлкөлөрүнө эмгек миграциясы чөйрөсүндө ачыктык принцибин колдонуу сунушталууда
Жаңылыктар түрмөгү
0