"Кара-Кече" быйыл 950 миң тонна көмүр казат

Өткөн жылы кышкы жылытуу мезгилинде 1 миллион 299 миң тонна көмүр казылган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Быйыл күз-кыш мезгилдерине карата "Кара-Кече" мамлекеттик ишканасынын алдына 950 миң тонна көмүр казуу тапшырмасы коюлган. Бул тууралуу Энергетика министрлиги маалымдады.
Билдирмеге ылайык, өткөн жылдагы кышкы жылытуу мезгилинде 1 миллион 299 миң тонна көмүр казылган.
Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов Кара-Кечеге барып күз-кыш мезгилине даярдык иштери тууралуу маалымат алган.
"Көмүр кендеги Борбордук, Чыгыш жана Батыш участкаларында быйыл көмүр жетиштүү ачылган", – деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын "Кара-Кече" филиалында Шахтёрлордун кесиптик мааракеси белгиленген. Иш-чарага энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов жана "Кыргыз Көмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Кайрат Маматов катышкан. Салтанаттын жүрүшүндө мыкты делген адистерге сыйлыктар тапшырылган.
Бишкек ТЭЦине көмүр келе баштады