Радио

Касмамбетов: кыргыз мамлекеттүүлүгүн 20-21 жаш курактагы жаштар түзгөн

Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүдө жаштардын аракети күч болгонун айтты.
Sputnik
Тарыхта чоң держава курулуп жатканда кыргыздын өз иденттүүлүгүн сактоо менен эн белгилерин бийик көтөрүп, мамлекеттүүлүгүн түзүп калууга азыр биз журт атасы деп атап жүргөн чыгаандар ошол кезде 20-21 жаштагы гана жигиттер болгон. Бул тууралуу Сүйүнбек Касмамбетов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, коллективдештирүү маалында ошол кездеги лидер Владимир Ленин ар мамлекет өз улуттук тилинде документ иштерин жүргүзүшү зарылдыгын айтканын Жусуп Абдрахманов өз күндөлүгүнө жазып калтырган.
"Кыргыздар мамлекеттүүлүк түзүү менен пландык экономикага өткөн. Эгемендүүлүк алгандан тартып биз базар экономикасында жашап келдик. Бирок пландык экономика өлкөнүн өнүгүшү, элдин турмушун жакшыртуу үчүн керектүү механизм экенин түшүндүк. Биз 100 жыл мурда мамлекеттүүлүгүбүздү курганда колдонгон ушул сыяктуу айрым программаларды азыр да пайдаланышыбыз керек. Кыргыз мамлекеттүүлүгү түзүлүп жатканда Лениндин жанында отуруп, кийин Сталин менен түзмө-түз баарлашып, улуттук кызыкчылыктарын түз жеткирип сүйлөшө алган кыргыздар болгонбу деген суроону беришет. Албетте, болгон. Болгондо да алар 20-21 жаштагы улан-кыздардан турган. Бул тууралуу Жусуп Абдрахмановдун калтырып кеткен күндөлүгүндө айтылат. Ал Лениндин кагаз иштерин эне тилиңерде жасагыла дегенин жазып кеткен. Биз мына ушул сыяктуу иш-аракеттерди бүгүнкү эгемендүү мамлекетибизде да колдонсок болот", — деди Касмамбетов.
Ал кыргыз мамлекеттүүлүгүн куруу менен көптөгөн мамлекеттик структуралар түзүлүп, кыргыз адабияты гүлдөп өскөнүн кошумчалады.