БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Лейлек районунда (Баткен облусу) 55 жаштагы киши таанышын өлтүрүп койгонун Лейлек райондук милициясынан кабарлашты.
Каргаша 21-августта болгон. 51 жаштагы киши аялы менен тойдон Honda Jazz автоунаасы менен келе жатканда таанышы токтоткон. Милициядан ал мурдагы келишпестиктерин эстеп, рулдагы кишини эки ирет көкүрөк тушка атканын айтышты. Мындан соң шектүү Кара-Таш деп аталган жайытына барып, өз өмүрүнө кол салган.
Милициядан аталган факт боюнча "Адам өлтүрүү" беренеси менен иш козголуп, тергөө иштери жүрүп жатканын билдиришти.