Камчаткада магнитудасы 7ге жеткен жер титирөө жанар тоону "ойготту". Сүрөт

Окумуштуулардын айтымында, жанар тоо жергиликтүү жана эл аралык аба каттамдарына коркунуч жаратат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Камчаткада магнитудасы 7 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу РИА Новости Россия Илимдер академиясынын геофизикалык кызматынын аймактык бөлүмүнө таянуу менен билдирди.
Жер титирөө 6 чакырым тереңдикте катталып, очогу Петропавловск-Камчатскиден 108 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Жердин силкинүүсү Шивелуч жанар тоосун "ойготуп", ал атылгандан кийин Усть-Камчатск айылын күл басып калган.
"Күл айылдагы калктын жашоо-турмушуна тоскоолдук жараткан жок. Вулкан деңиз деңгээлинен 8 километрге чейин көтөрүлүп, жанар тоонун үстүндө чагылган да болду", — деп айтылат ӨКМдин маалыматында.
Окумуштуулардын айтымында, жанар тоо жергиликтүү жана эл аралык аба каттамдарына коркунуч жаратат.
Геофизикалык изилдөө 6, 12 жана 48 чакырым тереңдиктерде магнитудасы 5,6 баллга жеткен 15 жер титирөө болгонун билдирди. Сейсмологдор жер титирөөдөн кийинки афтершок бир топко чейин созуларын, Петропавловск-Камчатскиде күчү 5 баллга жеткен жер титирөө күтүлөрүн божомолдошкон.
ӨКМдин маалыматы боюнча, цунами коркунучу жок, эч нерсе кыйраган эмес, жабыркагандар да жок.
Пресс-борбор
Бишкекте 100 объектинин сейсмикалык туруктуулугу текшерилди. Жыйынтык