Бүгүн-эртең сел жүрүп, таш кулашы ыктымал. ӨКМ карта жарыялады

Министрлик жарандарды жана айдоочуларды этият болууга, коопсуздук чараларын сактоого чакырып, өзгөчө кырдаал болгон учурда ӨКМдин жергиликтүү органдарына кайрылууну өтүндү.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Өлкөнүн жер-жерлеринде 15-16-августта нөшөрлүү жамгыр жаап, натыйжада айрым аймактарды суу каптап, таш кулашы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Сел жүрүшү жана таш кулашы ыктымал райондор
Сел жүрүшү жана таш кулашы ыктымал райондор:
Баткен облусу: Баткен, Лейлек, Кадамжай;
Жалал-Абад облусу: Сузак, Ала-Бука, Аксы, Токтогул, Ноокен, Тогуз-Торо;
Ош облусу: Кара-Кулжа, Өзгөн, Ноокат, Алай, Чоң-Алай, Кара-Суу райондору жана Ош шаарында;
Ысык-Көл облусу: Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп, Тоң;
Чүй облусу: Аламүдүн, Жайыл, Ысык-Ата, Чүй, Сокулук, Москва, Панфилов, Кемин;
Нарын облусу: Кочкор, Жумгал, Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын райондорунда,
Талас облусу: Чыңгыз Айтматов, Бакай-Ата, Талас райондорунда.
Республиканын унаа жолдорундагы кооптуу тилкелер:
Бишкек — Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426-чакырымдарында;
Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133-чакырымдарында;
Бишкек — Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128-чакырымдарында;
Балыкчы — Бөкөнбаев унаа жолунун 64-117-чакырымдарында;
Талды-Суу — Арал унаа жолунун 4-5-чакырымдарында;
Ош — Исфана унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190-чакырымдарында;
Мырзаке — Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56-чакырымындарында;
Кербен — Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24-чакырымындарында.
Министрлик жарандарды жана айдоочуларды этият болууга жана коопсуздук чараларын сактоого чакырып, өзгөчө кырдаал болгон учурда ӨКМдин жергиликтүү органдарына кайрылууну өтүндү.
Айрым уюм, объектилер өрткө каршы кызмат түзүүгө милдеттендирилди. Тизме