00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Утро хорошего дня
Спорт как образ жизни: Александр Воинов о кикбоксинге и его развитии в Кыргызстане
08:05
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргыз мамлекеттик, жеке өнөктөштүк ишмердүүлүгү дүйнөлүк тажрыйбага жаңылык киргизип, рейтингде 22-орунга көтөрүлдү. Ал эмне болгон жаңылык?
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Личный интерес
Конгресс аналитиков: новые исследования и проекты для будущего Евразии
12:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ала-Арча паркына эми унаалар киргизилбейт — паркта эмнелер өзгөрөт?
13:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Россияда мигранттарга көзөмөл күчөтүлдү. Кыргызстандыктар эмнелерди эске алуу керек?
13:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Троянский конь для ЦА по-японски — беседа с аналитиком
14:05
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө чоң тоок фермалар өнүгүүдө — коопсуздук жана тобокелдиктер
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Будь в курсе
Сохранить историю через археологию. О реализации программы раскопок «Тайны древней истории»
16:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Манасчыларды, төкмө акындарды, Улуу Ата мекендик согуш баатырларын даңазалаган. Үмөталиевди эскерүү
17:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Мусорят сами же альпинисты» — волонтеры о походе для очистки от мусора пиков Ленина и Хан-Тенгри
18:07
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Киноблог
Мировые кинофестивали: тренды и темы года
20:06
35 мин
Ачык кеп
Өлкөдө чоң тоок фермалар өнүгүүдө — коопсуздук жана тобокелдиктер
23:04
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Айрым уюм, объектилер өрткө каршы кызмат түзүүгө милдеттендирилди. Тизме

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүӨрткө каршы колдонуучу тетиктер. Архивдик сүрөт
Өрткө каршы колдонуучу тетиктер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2024
Жазылуу
Тиешелүү токтом өрт коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынганы белгиленди.
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Министрлер кабинети милдеттүү түрдө өрткө каршы кызмат түзүлө турган уюмдар менен объектилердин тизмегин бекитти.
Өкмөт өрт коопсуздугун камсыз кылуу, мүлктү тилсиз жоонун коркунучтуу факторлорунун таасиринен коргоо максатында 31-июлдагы №445 токтомун кабыл алганын белгилеген. Анда тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдарга, уюм, мекемелерге өрткө каршы кызматты түзүү, уюштуруу, көзөмөлдөө боюнча милдеттер жүктөлгөн.
Өрткө каршы кызматы милдеттүү түзүлө турган уюм жана объектилердин тизмеси:
1. Мунай жана газды казуу, кайра иштетүү, сактоо, камсыздоо, ташуу боюнча уюмдар жана объектилер
1) мунай казуу боюнча объектилер:
өндүрүмдүүлүгү суткасына 300 тоннага чейин — өрт өчүрүүчү машинасы болушу шарт эмес;
өндүрүмдүүлүгү суткасына 300 тонна же андан ашык — өрт өчүрүүчү машинасы болуш керек;
2) өндүрүмдүүлүгүнө карабастан газ казуу боюнча объектилер — өрт өчүрүүчү машинасы болуш керек;
3) мунай сордуруучу станциялар:
резервуар паркынын жалпы сыйымдуулугу 40 миң куб метрге чейин — өрт өчүрүүчү машинасынын бллушу шарт эмес;
резервуар паркынын жалпы сыйымдуулугу 40 миң куб метр жана андан ашык — өрт өчүрүүчү машинасы болуш керек;
4) газ сордуруучу агрегаттардын жалпы кубаттуулугуна карабастан газ компрессордук станциялар — өрт өчүрүүчү машинасы болуш керек;
5) өндүрүштүк кубаттуулугуна карабастан газды кайра иштетүүчү заводдор — өрт өчүрүүчү машинасы болуш керек;
6) өндүрүштүк кубаттуулугуна карабастан мунайды кайра иштетүүчү заводдор — өрт өчүрүүчү машинасы болуш керек;
7) газ сактоочу станциялар:
резервуардын жалпы сыйымдуулугу 8 миң куб метрге чейин — өрт өчүрүүчү машинасынын болушу шарт эмес;
резервуардын жалпы сыйымдуулугу 8000 куб метр жана андан ашык — өрт өчүрүүчү машинасы болуш керек;
8) мунай куюучу жана мунай чыгаруучу эстакадалар:
агызуу операциялардын долбоордук көлөмү суткасына 2 миң куб метрге чейин — өрт өчүрүүчү машинасынын болушу шарт эмес;
агызуу операциялардын долбоордук көлөмү суткасына 2 миң куб метр жана андан ашык — өрт өчүрүүчү машинасы болуш керек;
9) мунай базалары жана мунай продуктуларынын кампалары:
резервуар паркынын жалпы сыйымдуулугу 5 миң куб метрге чейин — өрт өчүрүүчү машинасынын болушу шарт эмес;
резервуар паркынын жалпы сыйымдуулугу 5 миң куб метр жана андан ашык — өрт өчүрүүчү машинасы болуш керек;
10) жер астындагы газ сактоочу станциялар:
жалпы көлөмү 1 миллиард куб метрге чейин — өрт өчүрүүчү машинасынын болушу шарт эмес;
жалпы көлөмү 1 миллиард куб метр жана андан ашык — өрт өчүрүүчү машинасы болуш керек.
2. Химиялык жана мунай химиялык өнөр жай уюмдары
1) мунай химиялык продукцияларды өндүрүү боюнча ишканалар (полипропилен, полиэтилен, ароматтык көмүрсуутектер, синтетикалык каучук, полистирол жана башкалар):
жалпы өндүрүштүк аянты 3 миңден 10 миң чарчы метрге чейин, эгерде бул аянттын 10 пайызы жана андан көбүн жарылуучу өрт коркунучу бар имараттар жана жайлар, ошондой эле тышкы технологиялык орнотмолор ээлесе — өрт өчүрүүчү машинасынын болушу шарт эмес;
жалпы өндүрүштүк аянты 10 миң чарчы метр жана андан көп болсо, эгерде бул аянттын 10 пайызы жана андан көбүн жарылуучу өрт коркунучу бар имараттар жана жайлар, ошондой эле тышкы технологиялык түзүлүштөр ээлесе — өрт өчүрүүчү машинасы болуш керек;
2) химиялык продукцияларды өндүрүү боюнча ишканалар (спирт, эфир, чайыр, винилхлоридди, була, сыр жана башкаларды өндүрүү) жарылуучу өрт коркунучу бар жарылуу заттарды колдонуу менен:
жалпы өндүрүштүк аянты 3 миңден 10 миң чарчы метрге чейин, эгерде бул аянттын 10 пайыз жана андан көбүн жарылуучу өрт коркунучу бар имараттар жана жайлар, ошондой эле тышкы технологиялык орнотмолор ээлесе — өрт өчүрүүчү машинасынын болушу шарт эмес;
жалпы өндүрүштүк аянты 10 миң чарчы метр жана андан көп болсо, эгерде бул аянттын 10 пайызы жана андан көбүн жарылуучу өрт коркунучу бар имараттар жана жайлар, ошондой эле тышкы технологиялык орнотмолор ээлесе — өрт өчүрүүчү машинасы болуш керек;
3) шина жана резина техникалык буюмдарды өндүрүү боюнча ишканалар:
жалпы өндүрүштүк аянты 3 миңден 10 миң чарчы метрге чейин, эгерде бул аянттын 10 пайызы жана андан көбүн жарылуучу өрт коркунучу бар имараттар жана жайлар, ошондой эле тышкы технологиялык орнотмолор ээлесе — өрт өчүрүүчү машинасынын болушу шарт эмес;
жалпы өндүрүштүк аянты 10 миң чарчы метр жана андан көп болсо, эгерде бул аянттын 10 пайызы жана андан көбүн жарылуучу өрт коркунучу бар имараттар жана жайлар, ошондой эле тышкы технологиялык орнотмолор ээлесе — өрт өчүрүүчү машинасы болуш керек;
4) суюлтулган көмүрсуутек газдарын алуу жана кайра иштетүү боюнча ишканалар:
жалпы өндүрүштүк аянты 3 миңден 10 миң чарчы метрге чейин, эгерде бул аянттын 10 пайызы жана андан көбүн жарылуучу өрт коркунучу бар имараттар жана жайлар, ошондой эле тышкы технологиялык орнотмолор ээлесе — өрт өчүрүүчү машинасынын болушу шарт эмес;
жалпы өндүрүштүк аянты 10 миң квадрат метр жана андан көбүн, эгерде бул аянттын 10 пайызы жана андан көбүн жарылуучу өрт коркунучу бар имараттар жана жайлар, ошондой эле тышкы технологиялык орнотмолор ээлесе — өрт өчүрүүчү машинасы болуш керек;
5) минералдык жер семирткичтерди өндүрүү боюнча ишканалар:
жалпы өндүрүштүк аянты 3 миңден 10 миң чарчы метрге чейин, эгерде бул аянттын 10 пайызы жана андан көбүн жарылуучу өрт коркунучу бар имараттар жана жайлар, ошондой эле тышкы технологиялык орнотмолор ээлесе — өрт өчүрүүчү машинасынын болушу шарт эмес;
жалпы өндүрүштүк аянты 10 миң чарчы метр жана андан көбү, эгерде бул аянттын 10 пайыз жана андан көбүн жарылуучу өрт коркунучу бар имараттар жана жайлар, ошондой эле тышкы технологиялык орнотмолор ээлесе — өрт өчүрүүчү машинасы болуш керек;
6) кубаттуулугуна карабастан биоотун өндүрүү боюнча ишканалар — өрт өчүрүүчү машинасынын болушу шарт эмес.
3. Электр энергетикасы өнөр жай уюмдары
1) электр станциялары кубаттуулугу 1000 мегаватт жана андан ашык — өрт өчүрүүчү машинасы болуш керек;
2) гидроэлектростанциялар:
кубаттуулугу 250 мегаватт чейин — өрт өчүрүүчү машинасынын болушу шарт эмес;
кубаттуулугу 250 мегаватт жана андан ашык — өрт өчүрүүчү машинасы болуш керек;
3) жылуулук электр станциялары:
кубаттуулугу 50 мегаваттка чейин же 300 гигокалга чейин — өрт өчүрүүчү машинасынын болушу шарт эмес;
кубаттуулугу 50 мегаватт жана андан ашык же 300 гигокал жана андан ашык — өрт өчүрүүчү машинасы болуш керек;
4) газ турбиналык электр станциялары:
кубаттуулугу 50 МВт чейин — өрт өчүрүүчү машинасынын болушу шарт эмес;
кубаттуулугу 50 МВт жана андан ашык — өрт өчүрүүчү машинасы болуш керек;
5) чыңалуусу 500 киловатт жана андан ашык подстанциялар — өрт өчүрүүчү машинасы болуш керек.
4. Өнөр жай уюмдары
1) өндүрүштүк кубаттуулугуна карабастан автомобиль өнөр жай ишканалары — өрт өчүрүүчү машинасы болуш керек;
2) жалпы өндүрүштүк аянты 10000 квадрат метр металл иштетүү өнөр жай ишканалары, эгерде бул аянттын 10% же андан көбүн өрттөн жарылуу коркунучу бар имараттар жана жайлар, ошондой эле тышкы технологиялык орнотмолор ээлесе — өрт өчүрүүчү машинасынын болушу шарт эмес;
3) металлургия өнөр жай ишканалары;
жалпы өндүрүштүк аянты 3 миңден 10 миң чарчы метрге чейин, эгерде бул аянттын 10 пайыз жана андан көбүн жарылуу-өрт коркунучу бар имараттар жана жайлар, ошондой эле тышкы технологиялык орнотмолор ээлесе — өрт өчүрүүчү машинасынын болушу шарт эмес;
жалпы өндүрүштүк аянты 10 миң чарчы метр жана андан көп, эгерде аянттын 10% жана андан көбүн жарылуучу өрт коркунучу бар имараттар жана жайлар, ошондой эле тышкы технологиялык орнотмолор ээлесе — өрт өчүрүүчү машинасы болуш керек;
4) целлюлоза өндүрүүчү, жыгач сактоочу жана кайра иштетүүчү ишканалар:
жыгач кесүү боюнча жылына 50 миң куб метрге чейин — өрт өчүрүүчү машинасынын болушу шарт эмес;
целлюлоза, кагаз өндүрүү үчүн жылына 100 миң тоннага чейин — өрт өчүрүүчү машинасынын болушу шарт эмес;
жалпы аянты 3 миң 500дөн 10 миң чарчы метрге чейин эмерек, фанера, ДСП, ДВП, жыгач буюмдарын, жыгач конструкцияларын өндүрүү боюнча — өрт өчүрүүчү машинасынын болушу шарт эмес;
жылына 50миң куб метр же андан ашык жыгачты кесүү боюнча — өрт өчүрүүчү машинасы болуш керек;
целлюлоза, кагаз өндүрүү боюнча жылына 100 миң тонна же андан көп — өрт өчүрүүчү машинасы болуш керек;
өндүрүштүк кубаттуулугуна карабастан жалпы аянты 10 чарчы метр жана андан ашык эмеректерди, фанераларды, ДСП, ДВП, жыгач буюмдарын, жыгач конструкцияларын өндүрүү боюнча — өрт өчүрүүчү машинасы болуш керек.
5. Өндүрүштүк кубаттуулугуна карабастан көмүр казуу кенинин объекттери — өрт өчүрүүчү машинасы болуш керек.
6. Жүргүнчүлөрдү эсепке алуу сыйымдуулугу бар имараттары менен калкты түздөн-түз тейлөө үчүн арналган транспорттук ишканалар:
аэропорттордо жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугуна карабастан — өрт өчүрүүчү машинасы болуш керек;
темир жол вокзалдарында жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугуна карабастан — өрт өчүрүүчү машинасы болуш керек (өрт өчүрүүчү поезд) жана өрт өчүрүүчү машинасынын болушу шарт эмес.
7. Жалпы аянты 1500 чарчы метрден ашкан жана андан ашык жардыргыч заттар кампаларын эксплуатациялоочу уюмдар жана объекттер — өрт өчүрүүчү машинасы болуш керек.
8. Селитебдик аймактын чегинен тышкары жайгашкан башка өнөр жай ишканалары, кампа багытындагы базалар:
бир калктуу конуштун же райондун чектеринде имараттардын жана жайлардын жалпы аянты 10 чарчы метрден 100 чарчы метрге чейин болгон шартта, аянттын 10 пайыздан азын жарылуучу өрт коркунучу бар имараттар жана жайлар, ошондой эле тышкы технологиялык орнотмолор ээлесе — өрт өчүрүүчү машинасынын болушу шарт эмес;
бир калктуу конуштун же райондун чегинде имараттардын жана жайлардын жалпы аянты 100 чарчы метрден кем эмес болгон шартта, аянттын кеминде 10 пайыздан азын жарылуучу коркунучу бар имараттар жана жайлар, ошондой эле тышкы технологиялык орнотмолор ээлесе — өрт өчүрүүчү машинасы болуш керек.
9. 50 миңтонна жана андан ашык данды сактоо жана кайра иштетүү үчүн жалпы өндүрүштүк кубаттуулугу менен элеваторлор — өрт өчүрүүчү машинасы болуш керек.
10. Өрт коркунучу, жарылуучу өрт коркунучу бар имараттары жана жайлары, ошондой эле жалпы аянты 3 миң 500 чарчы метр жана андан ашык болгон, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин өрт-куткаруу бөлүмдөрүнөн 3 чакырым алыстыкта жайгашкан өнөр жай өндүрүшүнүн бардык түрүндөгү уюмдар жана ишканалар — өрт өчүрүүчү машинасы болуш керек.
11. Соода аянты 3 миң 500 чарчы метр жана андан ашык, өрт өчүрүүнүн автоматтык системасы менен жабдылбаган жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт-куткаруу бөлүмдөрүнөн 3 чакырымдан алыс аралыкта жайгашкан рыноктор — өрт өчүрүүчү машинасы болуш керек.
ӨКМдин Бишкектеги өрткө каршы бөлүгү 50 метрлик автошатылуу болду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2024
ӨКМдин Бишкектеги өрткө каршы бөлүгү 54 метрлик автошатылуу болду. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0