“Мен мыкты талапкермин”. Байден Конгресстеги демократтарга кат жазды

АКШ президенти учурда айтылып жаткан сынга карабастан шайлоого аягына чейин катышарын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байден Конгресстеги демократтарга кат жазды.
Анда ал партиянын ичинде айтылып жаткан сынга жана жарыштан баш тартууга үндөгөн чакырыктарга карабастан президенттик шайлоого катышарын билдирген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Байден социалдык баракчасына жүктөгөн катында “Урматтуу демократ кесиптештер... Мен ЖМКлардагы спекуляция жана башкага карабай жарышка аягына чейин, Дональд Трампты жеңгенге чейин катышарымды билип коюуңуздарды каалайм” деп жазган.
АКШ президенти соңку 10 күндө партиялардын лидерлери жана шайлоочулар менен жолугуп, алардын шайлоо алдындагы тынчсыздануусун уккандыгын кошумчалаган.
“Мунун баарына так жана ачык бир эле жообум бар. Менин 2024-жылы Дональд Трампты жеңиш үчүн эң мыкты талапкер экениме толук ишенимим болбосо, кайрадан шайлоого катышпайт элем”, — деп жазган Байден.
Байден колдоодон баш тартып жаткан бай демөөрчүлөрдүн ою аны кызыктырбай турганын да айткан. Ал шайлоочулардын колдоосуна гана таянарын белгилеген.
New York Times гезити маалымат булактарына шилтеме берип, АКШнын Демократия партиясынын ири демөөрчүлөрү Байденди шайлоодогу ат салыштан кантип туура жол менен чыгарууну сүйлөшүп жатканын жазган.
Басылма ошондой эле Уолл-Стриттеги аткаруучу директорлордун бири Байден акыр-түбү шайлоодон четтетилерин, ага бир аз убакыт керектигин айтканын билдирет.
Бирок ошол эле маалда айрым донорлор НАТО саммитинин алдында Байдендин шайлоодон кетиши оңой болбой турганын айтууда.
Эскерте кетсек, Жо Байден менен Дональд Трамптын алгачкы дебаты 28-июль күнү Атланта шаарында болгон. Байден анда такалып, оюн топтой албай, атаандашына тийиштүү деңгээлде туруштук бере алган эмес. Ал эми иш-чарадан соң тепкичтен жубайы түшүрүп кеткен.
Эми саясатчылар менен журналисттер демократтар Байденден баш тартып, анын ордуна башка талапкерди коюшу мүмкүн деп жатышат. Теориялык жактан алганда, август айында өтө турган курултайда партия мындай мүмкүнчүлүккө ээ болот. Бирок праймериз шайлоодо жеңишке жеткен Байден өзү баш тартмайынча аны жарыштан четтетүү иш жүзүндө кыйын.
Байден менен Трамптын экинчи дебаты 10-сентябрга белгиленген. АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт.
CNN: Конгресстеги демократтар Байденди шайлоого катышуудан баш тартууга чакырды