ШКУ өлкө башчылары Астана декларациясына кол коюшту

Жалпысынан мамлекет башчылар коопсуздук, экология, экономика жана башка тармактарда кызматташуу боюнча 24 документке кол коюшкан.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюмунун өлкө башчылары Астана декларациясына кол коюшту.
Андагы билдирүүлөрдөн урунттуу учурлар:
Борбор Азия — ШКУнун ордосу. Уюмга мүчө мамлекеттер борбор азиялык өлкөлөрдүн өз жеринде жана аймактагы тынчтыкты, коопсуздук менен туруктуулукту камсыздоого багытталган аракеттерин колдойт;
ШКУ өлкөлөрү өзүнүн коопсуздугун башка мамлекеттер аркылуу камсыз кылууга жол бербейт;
террорчулук менен күрөшүүдө кош стандартка жол берилбейт, терроризмдин эч бир түрүн актоого болбойт;
бир тараптуу санкцияларды киргизүү эл аралык укуктарга туура келбейт жана үчүнчү өлкөлөргө, эл аралык экономикалык мамилеге терс таасирин тийгизет.
Мындан сырткары, дагы 24 документке кол коюлду.
Жапаров: ШКУнун демилгелери коопсуз, гүлдөп-өнүккөн аймак курууга багытталган