Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: Россия Украинадагы кризисти тынчтык жолу менен жөнгө салууну жактап келет

Путин Россия Украина жаңжалын жөнгө салуу боюнча ШКУ өлкөлөрүнүн идеяларын жана демилгелерин эске алууга даяр экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Россия ар дайым АКШ жана анын жандоочуларынын обу жок саясатынан улам келип чыккан Украинадагы кризисти тынчтык, саясий-дипломатиялык жол менен жөнгө салууну жактап келет. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Астанада өтүп жаткан ШКУнун саммитинде билдирди.
Анын айтымында, Москва буга байланыштуу бир нече жолу конкреттүү сунуштарды жасаган.
"Июнь айынын ортосунда биз жөнгө салуунун дагы бир вариантын сунуштаганыбызды эсиңиздерге сала кетейин. Эгерде украин тарап, эң негизгиси, анын батыштык демөөрчүлөрү аталган сунушту кабыл алууга даяр болсо согуштук аракеттер токтотулуп, адам өмүрлөрүн сактап калууга мүмкүндүк бермек. Биз ШКУнун катышуучуларына жаңжалды жөнгө салуу боюнча сунуштары үчүн ыраазычылык билдиребиз. Россия айтылган идеяларды жана демилгелерди эске алууга даяр", — деди Путин.
ШКУ: дүйнө коомчулугу террорчуларды жашырган өлкөлөрдүн бетин ачышы керек